|
Основание иска
|
|
ДООНУН НЕГИЗДЕМЕСИ – доогер өзүнүн сотко кайрылуусун негиздеген жагдайлар. Ал өзүнүн арызында ошолорду атоосу керек. Мыйзам доогердин өзүнүн коюп жаткан доолорун негиздөөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө эчкандай чектөөлөрдү койбосо да, юридикалык факты тараптардын ортосунда жаралган материалдык укуктук талаш-тартышка байланыштуу укук мамилелеринин келип чыгышын, өзгөрүүсүн жана токтоосун шарттоочу жагдайлар гана мааниге ээ болот. Калган маалыматтар кабарландыруу мүнөзгө гана ээ болот жана талаш-тартышты чечүүнүн жыйынтыктарына таасирин тийгизбейт.
|